Саясий эксперт Игорь Шестаков: "Партияларда “акча мешоктору” негизги ролду ойной берсе, саясий базар улана берет"

Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна саясий эксперт Игорь Шестаков жооп берди.

Шестаковдун пикиринде, реформатор-саясатчылар саясий күчтөрдүн артынан жана алардын колдоосу менен чыгат.

“Никол Пашинян менен Михаил Саакашвили асмандан түшкөн саясатчылар эмес. Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварнадзенин арты менен чоң саясатка келген. Ал саясий күрөштө оор күндөрдү башынан өткөргөн, өлкөдөн кууп жиберилип, жарандыгынан кол жууган. Пашинянды дагы өз алдынча саясатчы катары эсептебейм. Аны реформатор деп айтууга али эрте. Айткан сөзүнөн эмес, жасаган ишинен канчалык кыйын жетекчи экенин аныктоо керек. Ооба, ал премьерликке келип, чуулуу отставкаларды жасады, бирок муну бийлик үчүн күрөштүн алкагында жасалды деп эсептеш керек. Эгер Арменияда социалдык-экономикалык абал өзгөрсө, анда Пашинянды накта реформатор десек болот. Азырынча анын аракеттерин бийлик үчүн күрөш деп саноо туура.

Реформатор-саясатчылар саясий күчтөрдүн артынан жана колдоосу менен чыгат. Кыргыз өлкөсүндө 2010-жылдан кийин партиялар өлкөнүн экономикасын өнүктүрө ала турган мамлекеттик жетекчилер үчүн “саясий лифт” болуш керек эле. Бирок арабаны аттын алдына коюп койдук. Бизде партиялар бийликти түзүүчү институт эмес, парламенттеги мандаттарды сатып алчу уюмдар болуп калды.
Биз өзүбүздү “парламенттик мамлекет” деп эсептесек, партиянын ишмердүүлүгүнүн негизинде экономикалык жана укуктук маселелер боюнча адистер болуш керек. Алар мамлекетти башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу шарт. Ал эми азыр бизде партияларда “акча мешоктору” негизги ролду ойной берсе, саясий базар улана берет”, - деди Шестаков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков, саясатчы Таалатбек Масадыков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан