Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.
Ал Кыргызда реформатор саясатчылар бар экенин айтты.
“Реформаторлордун чыгышына коомдук-саясий систем жолтоо болуп жатат. Анткени акыркы Конституция боюнча парламенттик башкарууга өттүк. Мындан ары парламент башкарат, премьер-министр мамлекеттин башчысы болот деген менен ошонун механизми Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн эмес. Ошондуктан карама-каршылык болуп жатат. Парламенттик башкаруу деп коюп президентти жалпы эл шайлайт. Эгерде парламентти, президентти дагы эл шайлай турган болсо бул экөөнүн укугу негизинен бирдей болуш керек.
Дагы бир маселе. Парламентти партиялык түзүм менен шайлап жатабыз. Мындай жол менен шайлаганда элдин өкүлү кайда? Эл түздөн-түз өзүнүн өкүлүн шайлаган жок да. Депутат “мен элге отчёт бербейм” деп айтып жатат. Анткени мыйзам ошондой болуп жазылып калган да. Такыр эле эч кимде жоопкерчилик жок.
Конституцияда парламенттик башкаруунун чыныгы формасы чечилген эмес. Парламенттик башкаруунун классикалык формасында жеңген партия, коалицияны түзгөн партиялардын жетекчиси жоопкерчиликти моюнуна алып, өкмөттүн башына отурушу керек. Биздин Конституцияда андай нерсе жок болуп калган. КСДП көпчүлүктү түзөт, алар болсо премьер-министрге адамды менеджер кылып жалдап алышат. Менеджер эч нерсеге жооп бербейт. Ошентип биздин Кыргыз мамлекетинен чыга турган реформаторлорго жол жок. Ошон үчүн Пашиняндай реформаторлор чыкпай жатат”, - деди Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков, саясатчы Таалатбек Масадыков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, саясий эксперт Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун пикири бул шилтемеде.