Жалал-Абад. Кыргызстанды кыдырып чыгуу үчүн кытайлык кыргыздардын делегациясы келди
Кытайлык кыргыздар Кыргызстан менен жакындан таанышуу үчүн келишти
Кытайлык кыргыздар Кыргызстан менен жакындан таанышуу үчүн келишти
Кытайлык кыргыздар Кыргызстан менен жакындан таанышуу үчүн келишти
Кытайлык кыргыздарды Жалал-Абаддан жылуу маанайда тосуп алышты
Кытайлык кыргыздарды Жалал-Абаддан жылуу маанайда тосуп алышты
Бүгүн, 10-июлда Жалал-Абад шаарына кытайлык кыргыздардын делегациясы келди. Алардын максаты - Кыргызстан менен жакындан таанышып, өлкө аймагындагы кооз жерлерди кыдырып көрүп чыгуу. 58 адамдан турган делегация өлкөдө 12 күн саякаттайт. Саякатты уюштуруучулардын айтымында, өлкөдөгү туристтик компаниялардын бири менен кытайлык "Саякат шеркет" компаниясы жыл башында атайын келишим түзгөн. Делегация ошол келишимдин негизинде келди. Алар Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Бишкек аймактарын кыдырып чыгышат. "Мындай саякат 2013-жылдын октябрь айына чейин уланат",- деп билдирди саякатчылардын лидери, кытайлык Сүйүнбек Мамет.