Юрист Канатбек Азиз: "Айрым саясатчылар башкалар соттолуп жатканда унчукпай, өздөрүнө келгенде "сотко ишенбейбиз" деп калышат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.

Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "Буга негиз барбы?" деген соболуна юрист Канатбек Азиз жооп берди.

Анын айтымында, көп саясатчылар унчукпагандыктан соттор адилетсиз болуп жатат.

"Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда соттор чечим чыгарып жатканда ошол эле Шадиев же башкасы болобу унчукпай туруп беришкен. "Мага тийишпесе болду" деп үн катышкан эмес. Өздөрүнүн башына келгенде "сотторго ишенбейбиз" деп айтып жатышат. Мындай позицияны толугу менен бүт саясатчылар көтөрүшү керек эле. Сот адилетсиздиги унчукпагандыктан улам чыгат.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин сот адилеттүүлүгүн салыштырсак, азыркы сот адилеттүү болуп жатат. Мисал катары Конституциялык палатанын экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чыгарган чечимин жана башкаларды айтса болот. Бирок сот адилеттүүлүгүндө көйгөйлөр жок деген сөздөн алысмын. Азыркы учурда сот бийлиги көз карандысыз иштеп жатат деген сөз жалган. Кандай болбосун ал бийликтин позициясына карап туруп чечим чыгарып жатат. Жээнбеков биринчи эле жылы иштеп жатат, алдыда дагы кандай болорун көрөбүз", - дейт Канатбек Азиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, экс-акыйкатчылар Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Нарын Айыптын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан