Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "буга негиз барбы?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Ал сотторго ишенбөөчүлүк кандай учурларда пайда боло турганын айтты.
"Сотко ишенбөөчүлүк көп учурларда саясатчылардын башына түшкөндө пайда болот. Алар бийликте жүрүп мыйзамдарды чыгарып, ошол реформалардын саясаттарын жүргүзүп жатканда "мен ушунун капканына түшүп калбаймбы, өзүм жасаган ишимдин жыйынтыгын туура эмес жагынан көрүп калбаймбы" деп эч ким ойлогон эмес. Баары өмүр бою төө минип, жөө жүрбөй тургандай ойлонушат. Убакыт өтүп жөө жүрүп калганда, аларга ошол эле реформанын натыйжасы башына түшө баштагандан кийин ойлонушат. Бийликке келатканда эски чокоюңду төрүңө илип кой деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Саясатчы бийликтин тескери жагында болуп калганда камалат же качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан кээ бирөөлөр качып кетишет. Мисалы, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди айтсак, ал жөнүндө эч ким эстебей калды. Анткени ага качып кеткенге мүмкүнчүлүк берилди", - дейт Карасартова.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, экс-акыйкатчылар Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, юрист Канатбек Азиз, журналист Нарын Айыптын пикири төмөнкү шилтемеде.