Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "буга негиз барбы?" деген соболуна мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин жообутөмөнкүдөй болду.
Аманбаевдин айтымында, сот бийлигине ишенбөөчүлүк 20 жылдан бери келе жаткан көрүнүш.
"Мен Акыйкатчы болуп иштеп турганда жылына 16 миңден ашык арыз-даттануу келип түшсө, алардын 60 пайызы ушул сотторго ишенбөөчүлүк билдирген каттар болчу. Бул сот бийлигине ишенбөөчүлүк Аскар Акаевдин мезгилинен бери келе жатат. Соттор саясий чечимдерди чыгарат же акча берген тараптын пайдасына чечет. Бүгүнкү күндө саясатчылардын сот бийлигине ишенбей жатышына негиз бар. Мурунку бийлик менен азыркы бийликтин тушундагы сот бийлигинде айырма жок, сот реформасы жүргөн жок. Бийликте турганда сот бийлигин сындоого алуу татаал, мен Акыйкатчы болуп турганда айта коюп, баары ызылдап чыгышкан", - деди Аманбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Нарын Айып, юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.