Турдуназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болду

Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Буга чейин 2017-жылдын ноябрь айынан тарта Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Турдуназир Бекбоев 1961-жылдын 14-апрелинде Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Урумбаш айылында туулган. Жогорку билимдүү. Көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2009-2010-жылдары Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары, 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын октябрына чейин айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри кызматын аркалаган. 2016-жылдын 18-ноябрында Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгон убагында аны өзүнө кеңешчи кылып дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан