"Экономиканын бардык тармактарында өсүш бар", - деп бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жалпы жыйынында айтты.
Ал өлкөнүн ар бир аймагында ишканалар ачылып, жумуш орундар түзүлүп жатканына токтолду.
"Быйыл бир катар ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлдү. Өзгөчө өнөр жай тармагын өстүрүүгө көңүл бурулду. Араван районунда жергиликтүү ишкерлердин күчү менен 97 миллион долларлык эң чоң цемент заводу курулду. Алдыда 200 миллион долларга чейин инвестициялык долбоорду куруу башталат.
Чүй облусунда жардыргыч заттарды, Кара-Балтада арматура чыгарган, Талас облусунда төө буурчакты иштеткен, Новопавловкада бут кийим тигүүчү ишкана ачылды. Алдыда Ош шаарында тигүү фабрикасы, Нарында сүт азыктарын иштетүүчү завод ачылат. Мунун баары экономикалык саясатыбыздын туура жол менен бара жаткандыгына байланыштуу”, - дейт Абылгазиев.