"Ички жана тышкы инвесторлорго бирдей шарт түзүлүшү керек. Ошондо бизге ишеним пайда болуп, бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашат”, - мындай пикирин бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт жыйынында айтты.
Анын билдиришинче, акыркы убактарда өлкөдө инвесторлорго жана ишкерлерге жакшы шарттар түзүлүүдө.
"Бизнести өнүктүрүү боюнча рейтингде 4 ай мурун 77-орунда элек, учурда 70-орунга көтөрүлдүк. Бул деген бизнес ишкерлерине жакшы шарттар түзүлүп жаткандыктын белгиси. Мунун таасиринен экономикабызда өсүштөр байкалып жатат. Бажы жана салык аркылуу 10 миллиард сомдон ашык акча чогулттук. Бул деген экономикабыз үчүн жакшы көрсөткүч.
Учурда мигранттар тарабынан көптөгөн акча которуулар келип жатат. Үй курган же үй сатып алган адамдардын баласы же кызы чет өлкөдө эмгектенишет”, - деди Абылгазиев.