Депутат Искендер Матраимов: “Милициядагы реформалар купулга толбой жатат”

2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.

Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Матраимовдун пикиринде, маселе өзгөртө берүүдө эмес, маселе ар бир түзүлгөн бөлүмдүн ишин натыйжалуу аткаруусунда.

“Бүгүнкү күндө милициядагы реформа купулга толбой жатат. Патрулдук милиция кайрадан түзүлгөнү жакшы, бул өзгөрүүнү мен толугу менен колдойм. Маселе ошол түзүлгөн жаңы бөлүмдүн иштешинде жатат. Ар бир бөлүм өз максаты менен, пайдалуулугуна карап түзүлөт. Ошондуктан биз иштөөсүн колго алып, натыйжалуу иштетишибиз керек. Патрулдук милициянын өзүнө таандык милдеттери бар, ошолорду так аткарышы керек. Кыскасын айтканда, азыркы абал ушундай”, - деди Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев, Дастан Бекешев, МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдинов, Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султановдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан