2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.
Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.
SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна депутат Зарылбек Рысалиев жооп берди. Ал ички иштер министрлигинин ар кимиси башкача реформа жасайт деген пикирде .
“Азырынча бир колго аларлык жыйынтык деле жок. Патрулдук милицияны кайрадан түзүп, мыйзам бузуулар болсо бул кызмат кайрадан жоюлат. Жыйынтыгы бар реформа болгондо жакшы болмок. Келген министрлердин ар кимиси өзүнүн билген намазын окуп жатышат. Ар кайсы министр келип ар кандай жол менен реформа жасайм деп жатат. Башка министр келип башкача реформаны жасайт. Качан реформалар жасала турганы белгисиз”, - деди Рысалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Дастан Бекешев, МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдинов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султановдун пикири төмөнкү шилтемеде.