Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Турак жай кодексине жана “КРнын Турак жай кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 10-июлда кол койду. Ошондой эле КРнын Турак жай кодекси менен шайкеш келтирүү максатында бир катар мыйзамдарга толуктоо киргизилди. Бул мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 30-майда кабыл алган. Анын максаты - Кыргызстанда турак жай мамилелерин укуктук жөнгө салуу. Жогоруда аталган ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.