Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын 2011-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 13-июнунда кабыл алынган. Анда 2011-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчёт атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 69 237, 3 миллион сом суммасында, чыгашалар боюнча 83 085, 3 миллион сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден ашуу суммасы 13 848 0, миллион сом менен бекитилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.