“Түндүк электрдин” абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 347 миллион 313 миң сом

1-июлга карата “Түндүк электр” ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 347 миллион 313 миң сомду түздү. Ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, кардарлардын карызы жыл башына салыштырмалуу 62 миң сомго кыскарды. Жыл башына салыштырмалуу калктын электр энергияга болгон карызы 20,8 миллион сомго же 11 пайызга, өндүрүштүк уюмдардыкы 31 миң сомго же 0,2 пайызга, башка керектөөчүлөрдүкү 1,1 миллион сомго же 1,4 пайызга кыскарды. Ал эми бюджеттик уюмдардын карыздарынын өсүшү уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан