КҮНСЕРЕП: Апрель революциясы мүдөөсүнө жеттиби? Алиясбек Алымкуловго тургузулган эстелик ал кандуу күндү эске салды

Бүгүн, 12-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Көзү тирүү кишиге эстелик тургузууга болобу? Кыргыз коомчулугу 2 күндөн бери ушул суроонун тегерегинде талкуу жүргүзүүдө. Пикир айткандардын басымдуу бөлүгү терс көз карашын билдирсе, “туура эле” деп колдогондор да бар.

Мындай талаш-тартыштын жаралышына 10-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда, ачык асман алдында 20 адамдын айкелинин ачылышы, алардын катарында көзү тирүү Алиясбек Алымкулов жана Корчубек Акназаров өңдүү адамдардын айкелинин да бар экени себепчи болду.

Аталган райондун маданият үйүнүн алдына орнотулган айкелдер аллеясынын ачылышына мурдагы эмгек, жаштар иштери жана миграция боюнча министр, учурда Алматы шаарындагы консул, Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкулов да катышып, өзүнүн эстелигин өзү ачкан. Мына ушул көрүнүш этикалык жактан дагы, элдик салт-санаа тарабынан, диний көз караштан алганда деле туура эмес деп учурда коомчулук тарабынан катуу сынга алынып жатат.

Бакай-Ата районунун акими Чолпон Төрөкулов эстеликтер элдин демилгеси менен орнотулганын, аларга мамлекеттик казынадан акча кетпегенин, каражатты эстелиги орнотулган адамдардын жакындары жана коомдук уюмдар көтөргөнүн, 2 миллион сом акча коротулганын айтат.

Апрель баатырына эстелик тургузуу ал революцияны дагы бир ирет эске салды. 2010-жылы президент Курманбек Бакиевди бийликти узурпациялап алды, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга айлантты, коррупциялашып кетти деп айыптаган оппозиция өкүлдөрү менен чыккан топ Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштуруп, анын аягы куралдуу каршылыкка жетип, нааразычылык акциясына чыккан 87 жарандын өмүрүн алган. Ал окуяда ден соолугунан жабыр тарткандардын арасынан кийинки жылдары көз жумгандар болду. Ушул жылдын 11-ноябрында дагы бир Апрель революциясынын катышуучусу илдеттен улам каза болду. Апрель революциясында каза тапкандардын мүдөөсү аткарылдыбы, өлкөдө кландык, үй-бүлөлүк бийлик жоюлдубу, коррупция жоюлдубу? Мына ушул суроо 2010-жылы 87 адамдын өмүрүнүн баасы менен бийликке келген Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков баштаган топко дайыма бериле турган суроо...

9-ноябрда Жалал-Абад шаарында журналист Санрабия Сатыбалдиевага кол салуу болду. Ал үйүнөн чыгып бара жатканда белгисиз адам учтуу буюм менен колуна сайып жиберген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренесинин (журналисттердин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. Окуяны Сатыбалдиева төмөнкүдөй сүрөттөдү. "Белгисиз киши жолумду тосуп, "сен жөн жүрө албай калгансыңбы" деп коркутуп, бычак шилтеп жиберди. Бычак жүрөккө тушталган окшойт. Бирок сол колума кирди. Бейтааныш адам ошол жерден качып кетти. Анын бою узун, көрүнүшүнөн камалып чыккан адамга окшош эле", - дейт жабырлануучу.

Укук коргоо органдары жеңил жаза белгиленген берене менен кылмыш ишин козгошту. 151-беренеге ылайык, журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылган адам эң көп дегенде 10 миң сом айып пул төлөп, кутулат. Сатыбалдиеванын версиясына таянсак, анын өмүрүнө кол салуу болгон. Кылмыш иши "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренесине ылайык келип турганына карабай жогорудагы берене боюнча козголгон. Аталган окуядан 3 күн өттү, журналистке кол салган киши кармала элек.

Бир нече жылдан бери өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ар кандай шылтоолордун негизинде ишке ашырбай келе жатат. Көчөлөрдө видеобайкоонун болушу коомчулукту майда уурулуктардан, жол эрежесин бузуулардан сактап, жогорудагыдай кылмышкерлердин кармалып, тийиштүү жазага тартылышына да жол бермек. Тилекке каршы, коомчулуктун коопсуздугуна зарыл болгон бул өңдүү долбоорлор ишке киргизилбей жатат…

Жаңы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков обончу, аткаруучу 57 жаштагы, 4 жылдан бери Түркияда Кыргыз өлкөсүнүн элчиси болуп иштеп келе жаткан Ибрагим Жунусовду Өзбекстандагы Кыргыз элчиси кызматына сунуштады. Буга чейинки элчи Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына дайындалып, бул кызмат орду 2018-жылдын март айынан бери бош турган. Эртең, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Жунусовдун талапкерлиги каралат. Анда ал 4 жыл ичинде эмне иштерди жасаганын, канча кыргыз-түрк долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшкөнүн айтып бермекчи. Ошондой эле эгер нааразычылыктар депутаттарга жеткен болсо, ал анын ишине нааразы болгон Кыргыз мигранттарынын суроолоруна жооп бериши мүмкүн. Адатта элчилердин талапкерлиги жабык эшиктин артында каралып, комитеттин макулдугу менен президентке жиберилет, жалпы палатанын макулдугу керектелбейт.

Кыргыз-өзбек мамилеси өлкөлөр эгемендүүлүккө жеткенден тартып эле өзгөчө жылуу болуп кеткен эмес. Чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, үзгүлтүккө учурап, кайра улантылып турган. Кыргыздын газга муктаждыгы Өзбекстан тарабынан Кыргыз мамлекетине таасир этүүчү рычаг катары дайыма пайдаланылып келип, акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси таптакыр солгундап кеткен. Президент Ислам Каримов каза болуп, анын ордуна Шавкат Мирзийоев келгенден кийин эки өлкөнүн ортосундагы алака кайрадан жандана баштады. Учурда чек аранын 85 пайызы такталган, калган 15 пайыз чек ара аймагында мезгил-мезгили менен эки өлкөнүн жергиликтүү тургундарынын ортосунда түшүнбөстүктөр, уруш-талаш жаралып келет. Жунусовдун башкы миссияларынын бири соода-сатык алакасынын үзгүлтүксүз жүрүшүнө, чек араны тактоо маселелеринде улуттук кызыкчылыктын корголушуна таасир этүү, мүмкүн болгон инвестицияларды тартуу. Мындай миссияны Ибрагим Жунусов аткара алабы? Бул Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин өкүлдөрү ойлоно турган суроо...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан