Вице-премьер Өмүрбекова кооптуу абалдагы мектептер жабылышы керектигин айтты

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров кооптуу абалдагы мектептер жабылышы керекпи деген суроо берди. "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлчүлүгү "кооптуу абалдагы мектепке окууга болбойт" деген чечим чыгарса, мектеп жабылышы керекпи? Кыш да келип калды, окуучулар кайсы жакта билим алышат?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кооптуу абалдагы мектептер жабылышы керектигин билдирди. "Кээ бир райондордо мектеп авариялык абалда болсо окуучуларды үйлөргө киргизгенге аракет кылып жатабыз. Балдардын санына жараша 3 же 4 үйдү ижарага алган учурлар дагы жок эмес", - деди Өмүрбекова.

Жыйында билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу боюнча өкмөттүк саат өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан