Депутат Искандер Гайпкулов: "Курултайда жакшы сунуштар болсо, президент аларды кабыл алат деп ойлойм"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, коомдо жаралган маселелерди парламент чечиши керек.

"Жарандык активисттер кандай иш-чараны уюштурат - алардын өз эрки. Эч ким аларды мыйзам менен токтото албайт. Жарандык активисттерде өлкөнүн келечегине багытталган жакшы иш, сунуштар болсо, президент тарабынан деле кабыл алынат деп ойлойм. Себеби президент бардык нерсени элден сурап жатпайбы. Кээ бир социалдык тармактар аркылуу кайрылган маселелерди бүгүнкү күндө Коопсуздук Кеңеши катуу көзөмөлгө алып жатат.

Парламент - бул эл шайлаган депутаттар. Жарандык активисттер айтабы же жөнөкөй жарандар кайрылабы, бардык айткан маселени колдоп чечиш керек. Жарандык активисттер курултайды өткөрүп жатышса, демек, анда алар өздөрүнүн эл үчүн сунуштарын берет. Аны колдоого алыш керек. Колдоого алып, маселени түп тамырынан чечүү зарыл", - деди Гайпкулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан