Депутат Таабалды Тиллаев: "Курултайда экс-президенттин кандай каталары болсо, азыркы президент ал каталарды жоюуга аракет кылыш керек деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, курултай жыйынтыкка келе турган же чече турган орган эмес.

"Коомчулуктун, элдин пикирин уккан негизи жакшы эле. Ошого жараша тийиштүү министрлер, ошол эле депутаттар, өлкө башчы, бардык мамлекеттик кызматкерлер тыянак чыгарып, айтылган маселелерди чечкенге аракет кылат.

Курултайда мурдагы президенттин отчёту жана азыркы президенттин ишине баа берилери күтүлүүдө. Мурдагы президенттин кандай каталары болсо, азыркы президент ал каталарды жоюуга аракет кылышы керек деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары депутаттардын кээ бир мыйзамдары же өкмөттүн жумуш маселелери көтөрүлөт. Негизинен, жыйылып курултай өткөрүү - бул жакшы эле көрүнүш. Курултайда маселелер көтөрүлөт, аларды эми чече турган органдар чечиш керек да. Курултай жыйынтыкка келе турган же чече турган орган эмес да. Маселе көтөрүлсө, ошону чечкенге баарыбыз аракет кылышыбыз керек", - деди Тиллаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан