Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: "Курултайдын парламенттин функциясын алуусуна каршымын"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна коомдук ишмер Жыпар Жекшеев төмөнкүдөй жооп берди.

"Курултай элдин өз пикирин айтуучу орун болуп калат. Бирок кандай болгон күндө да биз азыркы мыйзамдын формасынан чыкпашыбыз керек. Курултай парламенттин функциясын алуусуна каршымын. Президенттердин ишине баа берүү коомдук пикир катары гана каралышы керек. Андан ашып да кетпеши керек. Артында эч кандай юридикалык жактан маанилүү же анын негизинде иш-чара иштеп чыгуу деген болбошу керек. Курултай коомдук пикирдин гана трибунасы болгону жакшы. Ар бир адам үйүндөбү же коомчулук алдындабы окуялар тууралуу оюн билдире алат. Президенттин ишине баа берүү өзүнчө терең анализди, иликтөөнү талап кыла турган нерсе", - деди Жекшеев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искандер Гайпкулов, Таабалды Тиллаев, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмер Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан