Укук коргоочу Рита Карасартова: "Курултайдын жыйынтыгында башкалар суктана тургандай саясий систем түзүлөт деген ишеничим бар"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова төмөнкүдөй жооп берди. Ал курултайга бара турганын жана аны колдоого аларын айтты.

"Пландаштырылып жаткан курултай эки максатты камтыйт. Биринчиси, жакын арада чечиле турган көйгөйлөр, ал эми экинчиси - узак мөөнөттө ишке аша турган маселелер. Чоң максат - бул Курултай институтун башкаруу системине калыптандыруу. Кандай маселе болбосун бийлик чочуп, качып, бут тосуунун ордуна ушундай курултайларга чогулуп келүүсү керек. "Силер өткөргөн курултайдын арты менен жакшы маселелерди көтөрүп алдык, силерге рахмат, ушул боюнча иштешебиз" деп бийлик айткандай бир ыкма болуп калышы керек.

Бери дегенде жылына чоң-чоң эки курултай өтүп, элдин көйгөйлөрү талкуулануусу зарыл. Мындай курултайларды бир имараттын ичинде эле өткөрүп токтоп калбай, аянтка жер-жерлерден эң мыктылар чогулуп, чоң маселелерди чечип кетсе болот. Ал эми жакында өтө турган курултайдын жыйынтыгында элдик башкарууга негизделген жана башкалар суктана тургандай систем түзүлөт деген ишеничим бар", - дейт Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан