Саясий ишмер Максат Мамытканов: "Биз дагы саясий күч болуп жүрөбүз, бирок бизди курултайга чакырышкан жок"

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна “Чоң казат” саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Максат Мамытканов төмөнкүдөй жооп берди.

“Курултайда өлкөдөгү саясий абал сүйлөшүлөт. Анан алар кандай жыйынтыкка келмек эле? Ал жакта жөн эле пикир алмашуу болот. Маалымат угузулат, ойлор айтылат. Булардын максаттарын эч ким билбесе, курултай өзү эмне иш кыла алат? Кандайдыр бир жыйынтык чыгышы үчүн башкы прокурор, Жогорку Кеңештин төрагасы, депутат болуш керек. Мыйзам боюнча, алар жыйынтык чыгарышат. Эл өз пикирин гана айтат. Ал пикирди бийлик угабы же көнөбү, эч ким билбейт. Мурунку бийликтегилер буларды (курултайдын уюштуруучуларын - ред.) тоготпой коюшса, алар эмне кыла алышат? Ошону да айтышсын да. Курултайга мурунку бийликтегилер, аймактардан да келишет. Мисалы, биз саясий күч болуп жүрөбүз, бирок бизди жыйынга чакырышкан жок. Катышуучулар кандай критерийлер менен чакырылганын, алардын сүйлөгөн сөзүнө карап анан жыйынтык чыгарабыз”, - деди Мамытканов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, Курманкул Зулушев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан