Депутат: "Шамбесай" алтын кенинде чыккан жагымсыз окуяны көрүп сыртта жүргөн мигранттарыбыздын кыжыры келиптир"

"Шамбесай" алтын кенинде чыккан жагымсыз окуяны көрүп, сыртта жүргөн мигранттарыбыздын кыжыры келиптир", - деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закирдин Шарапов билдирди.

Ал тийиштүү органдардын кызматкерлери жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

"Жагымсыз окуя болгону интернет булактарына тарагандан кийин сыртта жүргөн мигранттарыбыз кайрылуу жасашты. Мындай жагымсыз жагдайга жол бербеш керек. Тийиштүү органдар барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. Эжелерибизди, энелерибизди милиция кызматкерлери сүйрөгөн видеону көргөн мигранттардын кыжыры келип жатат", - деди депутат.

23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде милиция менен элдин ортосунда жаңжал чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан