"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев мыйзам талаптарын аткарбаган аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мыйзамды бузган адамдар соттолот. Ал эми мыйзам талаптарын аткарбаган аткаминерлерди эмне кылыш керек? Албетте, аларды да жоопкерчиликке тартуу зарыл. Тилекке каршы, ушул кезге чейин мыйзамдарды аткарбаган бир дагы чоӊ чиновник жоопко тартыла элек. Мисалы, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары шайланганына эки жылдын жүзү болду. БШК ушул кезге чейин 8 миӊ депутатка төш белги тапшыра элек. Бул жерде мыйзамдын ченемдери бузулуп жатат", - дейт Бокоев.