Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына төш белгилер эми жасалат. Бул тууралуу 15-ноябрда БШКдан билдиришти.
Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеӊештердин депутаттары шайланганына эки жыл болгону менен, БШК ушул кезге чейин 8 миӊ депутатка төш белги тапшыра электигин айткан. Муну мыйзам ченемдеринин бузулушу экенин белгилеп, тийиштүү адамдарды жоопко тартуу зарылдыгын белгилеген.
Бул боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан "октябрь айында тендер өткөрүлүп жеңүүчү табылган. Аткаруучу тарап менен келишим түзүлгөн. Алар бүгүн бизге төш белгилердин үлгүсүн алып келишет. Комиссия макулдук берсе 30 күндүн ичинде төш белгилер даяр болот" деп билдиришти.