Былтыркы жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 134 миллиард 5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, салыктык кирешелердин көлөмү 91 миллиард 4 миллион сомду, салыктык эмес төлөмдөр 27 миллиард 3 миллион сомду түздү. "2017-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 151 миллиард 9 миллион сом суммасында аткарылды. Бюджеттин тартыштыгы 17 миллиард 4 миллион сом болду", - дейт премьер-министр.
Өкмөт башчы билдиргендей, 2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 миллиард сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат.