АКШ Айга улуттук сейил бак курууну пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, америкалык Демократтар конгрессине жиберилгенин өлкөнүн ММКлары жарыялашты. Сейил бак Айдын 1969-жылы астронавт Нил Армстронг башкарган "Аполлон-11" кемеси конгон аймакка курулмакчы. "Коммерциялык компаниялар менен башка мамлекеттер канчалык Айга өзүнүн таасир этүүсүн күчөтүүгө мүмкүнчүлүк алса, биз "Апполон-11" конгон аянтты урпактарыбыз үчүн коргошубуз керек",- деп белгиленет мыйзамда. Мыйзам кабыл алынса, сейил бак 1 жылдын ичинде курула баштайт. Долбоор менен АКШнын Ички иштер министрлиги жана NASA уюму алектенет. Маалымдалгандай, бир жылдан кийин NASA менен ИИМ Айдын бетиндеги аталган аймакты кантип көзөмөлдөө жана башкаруу, ага байланыш түзүү иштери менен алектенип башташат.