Азыр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сотко, депутаттарга жана аткаруу бийлигине дагы кылмыш ишин козгогонго мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.
Ал 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин мамлекеттик кызматкерлерге козголгон кылмыш иштеринин баарын УКМК тергеп жатканын кошумчалады.
"Учурда бийлик бутагынын баары бир жакка баш ийген. Бул эч качан өнүгүүгө алып барбайт. Ошого Жогорку Кеңеште дагы мурдагыдай чогула калып, "ким менен ким, коалицияга ким кирет" деген маселелер талкууланбай калды. Себеби ким коалицияга кирип, ким оппозицияда калышынын мааниси жок. Сот бийлиги да ошондой эле. Баарына буйрук берип коюшкан. Ар бир судьяга кылмыш ишин даярдап койгон. 2012-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын президент Алмазбек Атамбаев "убактылуу чара" деп түзүп, ошол бойдон калып калды. Ошондо эле бир топ саясатчылар "Конституцияга туура келбеген чечим" деп сындап чыгышкан.
Бүгүнкү күндө УКМК эң жабык орган. Бирок ага коррупция менен күрөшүүнү берип койдук. Алар кааласа күрөшөт, каалабаса акырын көздү жумуп коёт. Жакшы жашоодо жашагыбыз келсе, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКдан чыгаруу керек. Ошондой эле кызматтык мыйзам бузуулар боюнча тергөөнү УКМКдан алып салуу зарыл. Президент ушул эки кадамга бара алса, ал тарыхта калат. Азыр УКМК президенттин камчысы болуп жатат.
Бардык күч түзүмдөрүнүн президентке баш ийгени биздин президенттик башкаруудан чыга албай жаткандыгыбыздан кабар берет. Президент чындап эле парламенттик мамлекетти кургусу келсе, УКМКны реформалайт. Ошол менен ал "парламентаризм өнүксүн" деген пикирин тастыктаган болот", - деди ал.