Бишкек шаардык мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдиришинче, 2013-жылдын 6 айында баш калаада ымыркайлардын төрөлүшү 3,3 пайызга азайган, өлүмдүн жалпы көрсөткүчү 42,9 пайызга көтөрүлүп, жалпы өсүш 5,4 пайызга төмөндөгөн. Наристелердин өлүмү 1,6 пайызга, энелердики 49,2 пайызга азайган (6 ай ичинде 2 эненин өлүмү катталган). Ушул жылдын 6 айында Балдардын шаардык клиникалык ооруканасына ырайымсыздык менен мамиле кылуудан жабыркап 20 киши кайрылган. Алардын 19у балдар. 8 бала ооруканага жаткырылып, 12 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Катталган фактылар боюнча тиешелүү РИИБге маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.