Карамушкина Өмүркуловго "Сиздин фракция жыйынын алып барганыңыз мыйзамсыз" деп жыйындан чыгып кетти

Бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Ирина Карамушкина Иса Өмүркулов тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин чечимин кароону сунуштады.

Иса Өмүркулов партиянын чечими толугу менен келгенде гана бул маселе карала турганын айтты. "Толугу менен маалымат келе элек. Мен бул тууралуу партияга кат жөнөткөм. Партиянын жыйынына кимдер катышканы тууралуу суроо-талаптарыма жооп келиши керек", - деди Өмүркулов.

Карамушкина: "Партиянын жыйынына өзүңүз деле келбейт белеңиз. Ошондо кимдер катышканын көрмөксүз. Сиз партиядан чыгарылгандан кийин бүгүн фракциянын жыйынын алып барып жатканыңыз легитимсиз", - дейт.

Жыйынтыгында бул маселе добушка коюлуп, Карамушкинанын сунушун жыйынга катышып жаткан бир дагы депутат колдогон жок. Карамушкина жыйындан чыгып кетти.

Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан. 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган. Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан