Бүгүн, 16-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсүндөгү кырдаал жана шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе каралууда.
Жыйында фракциянын лидери Жыргалбек Турускулов турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам так аткарылбай жатканын айтты.
"2015-жылдын 31-июлунда "турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу" мыйзамы кабыл алынган. 2016-жылдын 16-февралынан баштап мыйзам күчүнө кирген. Азыркы учурда биздин республикалык турак жай фонду 1 миллион 157 миң бирдикти түзөт. Бирок 231 миң гана турак жай документтештирилиптир. Мунун 86 миң 456 турак жай камсыздандырылган. Тактап айтканда, өлкө боюнча 40 пайыз гана турак жай камсыздандырылыптыр. Мыйзам так аткарылбай жатат", - дейт Турускулов.
Жыргалбек Турускулов курулуп жаткан турак жайлардын сапаты да күчү 9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук бериши керек деп кошумчалады.