"Түндүк электр" ишканасынын жетекчиси Искендер Кадыркулов өз айлыгынын көлөмүн айтты

"Түндүк электр" ишканасынын башкы директору Искендер Кадыркулов бүгүн, 16-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушууда өз айлыгынын көлөмүн айтты.
Анын билдиришинче, айлыгынын негизги көлөмү 32 миң сом, кошумча бөлүнүп берилген акчалардын эсебин кошкондо жалпы 75 миң сомдун тегерегинде болот. Ал эми инспекторлор 25 миңге чейин алса, электр чубалгыларын орнотуу менен алектенген кызматкерлер 40 миң сомдой алышат.
Белгилүү болгондой, "Түндүк электр" ишканасы өлкөнүн Талас, Чүй облустарына жана Бишкек шаарына электр энергиясын бөлүп берет. Электр энергиясын пайдалануучулардын 550 миңи "Түндүк электр" ишканасынын кардары. Тактап айтканда, аталган ишкана жалпы кардарлардын 41 пайызын электр энергия менен камсыз кылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан