Депутат Момбеков Транспорт министрлиги Жантөрө Сатыбалдиевдин схемасы менен иштей турганын айтты

Депутат Рыскелди Момбеков Транспорт жана жолдор министрлиги экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин схемасы менен иштей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Момбеков “Балыкчы-Корумду” жолдору боюнча Башкы прокурор кылмыш иши боюнча эмне болуп жатканын сурады.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов иликтөө амалдары жүрүп жатканын айтты.

Депутат аталган министрликке күнүгө болбосо да, күн ара кылмыш иши козголот деген пикирин айтты. “Кылмыш иши козголбогон бир транспорт министри барбы? Рейтинг боюнча аталган министрлик коррупцияга батканын элдин баары билет. Транспорт министрлигинде Жантөрө Сатыбалдиевдин схемасы иштеп жатат. "Kyrgyz Trec International" ишканасы кимге тийиштүү? Алмаз Тургунбаев Жантөрө Сатыбалдиевдин күйөө баласы болот. "Kyrgyz Trec International" ишканасын түптөгөн беш адамдын экөө Алмаз Тургунбаев менен Руслан Сатыбалдиев. Кыргыз мамлекетинде канча ири жол курулса буларсыз өтпөйт”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан