Кечээ, 11-июль күнү ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынын кызматкерлери сууда сүзүүнүн эрежелери жана сууга чөккөн адамды куткаруу боюнча машыгуу өткөрдү. Машыгууда кызматкерлер теориялык жана практикалык жактан сабак алышты. Белгилей кетсек, облус боюнча 2013-жылдын башынан бери 8 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын ичинен 7 адам жайкы сезондо чөкгүп, алардын 5и жаш балдар болгон. Ал эми Ош шаары боюнча 6 адам сууга чөгүп каза болсо, анын ичинен экөө жаш балдар болгон. Жыл башынан бери жалпы республика боюнча 58 адам сууга чөгүп каза болгон.