11-июлда Бишкекте ИИМдин Жол кайгуул кызматы саат 17:00дөн 20:00гө чейин рейд жүргүздү. 3 сааттын ичинде 19 эреже бузуу катталган. Бул иш-чара учурунда 2 айдоочу тиешелүү документтери жок кармалса, 15 унаанын терезелери караңгылатылган, ал эми 2 унаанын мамлекеттик номурлары жок болуп чыккан. Бул эрежелерди бузуу боюнча 19 административдик протокол түзүлүп, 7 унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлду.