АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасынын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча сүйлөшүү үчүн америкалык адистер тобу Бишкекке келди

"Манас" аэропортундагы АКШнын Жүк ташуучу транзиттик борборунун мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бишкекке 10-июль күнү америкалык адистер келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Мындан сырткары бул топ террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну талкуулоо үчүн Коргоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушат. Эскерте кетсек, АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасы боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 26-июнда кол койгон. Мыйзамга ылайык, келишим 2014-жылдын 11-июлунда күчүн жоготот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан