Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде Патрулдук милициянын түзүлүшү тууралуу маселе талкууланат

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинде Патрулдук милициянын түзүлүшү тууралуу маселе талкууланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы ички иштер министри Курсан Асанов жасайт. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйыны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында өтөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан