Кыргызстан "Казакстанда массалык киши өлтүрүүгө катышкан" деп шектелип жаткан жаранды коңшу өлкөгө өткөрүп берди

Кыргызстан "Казакстандын "Иле-Алатау" улуттук сейил багындагы массалык киши өлтүрүүгө катышкан" деп шектелип жаткан Саян Хайров аттуу жаранды коңшу өлкөгө өткөрүп берди. Бул маалыматты Казакстандын башкы прокурору Асхат Даулбаев бүгүн, 12-июлда билдиргенин аталган өлкөнүн ММКлары жарыялады. "КМШ өлкөлөрү менен тыгыз иштешүүнүн артында ушул жылы Хайровду Казакстанга өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүбүздү Кыргызстан канааттандырды",- деди Даулбаев. Эске салсак, 2012-жылдын август айында Алматы облусунун аймагынан 11 адамдын жансыз денеси табылып, буга күнөөкөрлөрдүн бири катары Хайровго кылмыш иши козголгон болчу.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан