Парламенттин эл аралык комитетинин жыйыны башка күнгө жылдырылды
Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтмөк. Комитеттин катчылыгынан SUPER.KG порталына билдиргендей, жыйын башка күнгө жылдырылды.
"Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов жыйынга катыша албагандыгына байланыштуу жыйын өтпөй калды", - деп билдирди катчылыктан.
Ал эми депутат Исхак Пирматов кворум жок жыйын өтпөй калганын айтты. "Менин башка комитетте мыйзам долбоорум каралмак. Орун басарларым жыйынды баштай берсе барып калам деп айткам. Бирок кворум жок жыйын башка күнгө жылдырылды", - дейт Пирматов.
Жыйындын күн тартиби боюнча 6 маселе каралмак.