Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев элдик курултайга чакырылды. Азырынча алар курултайга катышары тууралуу жооп берише элек

Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев элдик курултайга чакырылды. Курултайдын уюштуруучуларынын бири Айбек Мырза SUPER.KG порталына билдиргендей, аларга чакыруу кечээ, 19-ноябрда берилген.

Айбек Мырзанын айтымында, президент жана экс-президент тарабынан курултайга катышары тууралуу жооп келе элек.

Ал эми КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин курултайга катышары тууралуу маселе каралып жатканын айтты.

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан