Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору болуп Максат Дамир уулу дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан 20-ноябрда кабарлашты.
Маалым болгондой, Максат Дамир уулу учурда 33 жашта, үй-бүлөлүү. Ал АКШ жана Японияда билим алып, эл аралык жана жергиликтүү компанияларда иштеп келген.
Аталган департаменттин мурдагы жетекчиси Азамат Жаманкулов ушул жылдын октябрында ээлеген кызматынан бошотулуп, Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Министр өзү 31 жашта.