Ысык-Көлдө ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

13-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында быйыл Кыргызстанда өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитине карата даярдыктар талкууланмакчы. Белгилей ктесек, ШКУ 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери мүчө. Ал эми Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамына ээ мамлекеттер. Ал эми ШКУнун саммити 13-сентябрда Бишкек шаарында өтмөкчү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан