ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарында куураган бактарды буташты. Анткен менен чоң шактар жаш карагайларды басып калды" дейт окурман

Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү бактардын куураган бутактарын бутап чыгышты. Анткен менен кулаган шактар жаш карагайларды басып калды. Муниципалитет бир ишин кылса, экинчисин зыян жасайт", - деди бүгүн "ЭЛДИК КАБАРдын" окурманы.

Анын айтымында, жергиликтүү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аталган көчөдөгү бактарды куураган бутактарынан арылтып бутап чыккан. Бирок дарактарга жанаша отургузулган жаш карагайларды куураган шактар басып калган.

"Карагайдын көчөтү жылына 1 сантиметр араң өсөт. Ал абдан назик келерин элдин баары эле билет. Адистер муну жакшы билиши керек. Эптеп эле план аткарыш керек деп иш кылбай, араң өсүп жаткан карагайларга тийгизбей, этият болуш керек болчу. Мамлекеттик кызматтагылар качан ыгы менен иш кылганга көнүшөт?" - дейт окурман.

Бул кабар боюнча жазылган жоопту шилтеме аркылуу өтүп окуңуз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2018-11-20 19:14:49
Автор обужоктонбочу. Жылына эле бутайт. Алар карагай эмес арча. Мен так ушун сен тартып жиберген жерде жашайм. Бугун бутап кетишти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан