Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал, өзүнүн ысымы аталган чуулгандуу окуялар тууралуу "Апрель" телеканалына маек берди. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясатын сындап, бийлик Курманбек Бакиевдин жолунда бара жатканын айтты. Дал ушул себептерден улам саясатта каларын белгилеп: "Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн калам. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын", - деди.
SUPER.KG порталынын "Атамбаев "саясатта калууга аргасызмын" деди. Анын саясатта болгону өлкөдөгү саясый абалга кандай таасир берет?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.
"Алмазбек Атамбаев өлкөнү 6 жыл башкарды. Өзү бир мөөнөт президент болом деп айтып келген. Мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатка киришпей эле кете берсе болмок. Жаңы президентке кеңешчи болгусу келди, бирок бул нерсе президентке жакпай койду. Азыр эки чоң күчтүн күрөшү болуп жатат. Күнөө кимде? Атамбаевде да. Өзү башкарып турган учурда ага эч ким тоскоолдук кылган жок. Ал азыр сын-пикирин айтып жатат. Конституция боюнча, ал кайра президент болуп келе албайт. Ошону билип партияны башкарбай, саясаттан кетсе деле болмок. "Бакиев сыяктуу үй-бүлөлүк башкаруу жүргүзөсүң" деп жатат. Анын саясий кадамдарынын терс таасири тийүүдө", - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий серепчи Марс Сариев, укук коргоочу Рита Карасартова, депутат Акылбек Жапаровдун жообу бул шилтемеде.