Бүгүн, 20-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кеткенден берки биринчи кенен маеги кечээ “Апрель” телеканалы аркылуу көрсөтүлдү. Туура бир жыл мурда президенттик кызматынын соңку күндөрүндө ал журналисттерге чоң маалымат жыйын уюштуруп, суроолорго жооп берген. Андан кийин быйылкы жылдын март айында КСДП курултайга чогулуп, партиянын төрагасы болуп шайланган күнү журналисттердин катышуусунда маалымат жыйын өткөрүлгөн.
2017-жылдын 20-ноябрында өткөн маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаевге SUPER.KG порталы тарабынан "сиз Акаевди дагы, Бакиевди дагы ажыдаарга теңедиңиз эле... Жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековго ажыдаарга айланбоонун кандай рецебин сунуштай алат элеңиз?" деген суроо берилген. Атамбаев буга “кыргыз эли жана 2016-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституция бийликке келген адамга ажыдаарга айланууга жол бербейт. Сооронбай Жээнбековду ажыдаарга айланбайт деп ишенем” деп жооп берген.
Арадан 4 ай өткөн соң ушул жылдын 31-мартында маалымат жыйын өткөргөн Атамбаев Жээнбековго сүйлөөр алдында документтерге көңүл буруу керектигин айткан. Мындай билдирүүгө президенттин Коопсуздук кеңешиндеги коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу сөзү түрткү болгон. Экс-президент кечээги маегинде да мартта айтылган сөздөрүн кайталап, “Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек, Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкты Сапар Исаковго оодарып коюу туура эмес, чынында Сапар Исаков Райымбек Матраимовду Бажы кызматындагы жылуу ордунан алып койгондугу үчүн камалды” деген пикирин айтты. Дал ушул жагдайлар боюнча Сооронбай Жээнбековго март айында сак бол деп айткан кеңештери көз жаздымда калганы үчүн маек берип жатканын да билдирди. Атамбаевдин интервьюсу Жээнбековдун "24.кг" маалымат агенттигине берген маегине удаа жарыяланды. Андыктан экс-президент Жээнбековдун айрым сөздөрүнө комментарий да берди. Мамлекет башчынын 2010-жылы Ошто КСДПнын рейтинги нөл болгон дегенине Атамбаев президенттик шайлоо өткөн 2017-жылдын башында Сооронбай Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгонун айтып жооп кылды. “Ош окуясы учурунда Жээнбеков Мырзакматовдун алдында көлөкө эле. Жээнбековдун өмүрүн тобокелге салганы тууралуу бир да жолу айтышкан эмес. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу айтышчу”, - дейт Атамбаев. Экс-президент 24 жылдык досунун көп иштерин кечирип келгенин, Путиндин "бир жолу чыккынчылык кылган адам кийин да чыккынчылык кылат" деген сөзү чын экенине эми гана көзү жеткенин айтты.
Юрист Нурбек Токтакунов жарыялап соңку күндөрү чуу жараткан Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын кассасы боюнча документти Алмазбек Атамбаев реалдуу деди. Өткөн аптада Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында сарпталган каражаттар делинген эсептерди юрист социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жайылтканы маалым. Президенттик аппарат буга карата “фэйк маалымат боюнча комментарий бербейбиз” десе, Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов жарыяланган документтеги адамдардын аттары, иш-чаралар, өзү боюнча көрсөтүлгөн маалыматтар да чындык экендигин айткан. Атамбаев Икрамжан Илмиянов камакка алынгандан улам бул документ элге жарыяланып кетти деп божомолдоп, бул маалыматтарды билген эсепчи өз өмүрүнүн коопсуздугу үчүн чочулап учурда чет өлкөгө чыгып кеткенин да кошумчалады. Дал ушундай көмүскө иштерди билгени үчүн Илмияновду камакка алып, ашыкча сүйлөп жибербесин деп, бекитип коюшту деген пикирин айтат, экс-президент.
Атамбаевдин маегинде бир учур көңүлдү бурду. Ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаев тууралуу суроого жооп берип жатып, “бул ишти кылбашым керек болчу” деди. Ошол эле тапта экс-президент Текебаевди мыйзам жагынан алганда күнөөлүү экенин да айтты. Мындай сөзү менен сот, прокуратура, УКМК иштерине каалоосу болсо киришип турганын да моюндады десе болот. Атамбаевдин Текебаев тууралуу позициясын жумшартууга эмне себеп болгону белгисиз. Бирок эртең “Ата Мекен” фракциясы соңку жаңылыктарга байланыштуу парламентте маалымат жыйын өткөргөнү жатат. Саясатчынын 8 жылга эркинен ажыратылышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынды. Бул окуя канчалык Текебаевдин ишинин кайра каралышына түрткү боло алары белгисиз. Анткен менен экс-президенттин бир жагынан мыйзамга таянып, экинчи жактан “бул ишти кылбашым керек болчу” дегени талкууга кайрадан жем таштады.
Атамбаев сөзүнүн аягында “бийлик Бакиевдин жолуна түшүп кетпөөсү үчүн чоң саясатта калууга аргасызмын” деди. Март айындагы маалымат жыйындан кийин экс-президенттин жакын адамдары катары саналган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Икрамжан Илмиянов камакка алынган. Дал ушул маалымат жыйындан кийин бир топ чоң кадрдык алмашуулар орун алган. Атамбаевдин кезектеги агынан жарылуусу эми кандай окуялар менен коштолот болду экен?..
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен жолукту. Буга чейинки өлкө башчылары сыяктуу эле Сооронбай Жээнбеков да президенттик алгачкы жылын журналисттер, жарандык коом, укук коргоочулар, активдүү жаштар өңдүү калктын активдүү катмарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, байланыш түзүүдө. Бирок буга чейинки өкмөт башчылар, Жогорку Кеңештин мурунку төрагаларын бир жерге чогулткан формат биринчи жолу болду өңдүү.
Октябрь айында мамлекет башчы Таласка барганда мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айткан. Өмүрбек Бабанов Таластын кулуну болгондуктан айрым анын тарапташтары Бабанов менен иштешкенге даяр деп түшүнүп, депутат Руслан Казакбаев президентке кайрылуу да жасаган. Бул кайрылууга карата ушул күнгө чейин реакция боло элек.
Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери 17 спикер болгон. Дастанбек Жумабеков 18-төрага болуп эсептелет. Президент менен жолугушууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышты. Жолугушууга 4 спикер катышкан жок. Усуп Мукамбетов 2017-жылы каза болгон. Өмүрбек Текебаев түрмөдө. Ошондой эле президенттин иниси 2011-2016-жылдары парламенттин спикери болуп турган Асылбек Жээнбеков дагы жолугушууга барган эмес. 2010-жылдын 7-8-апрель күндөрү Жогорку Кеңешке төрагалык кылган Исхак Масалиев да катышуучулардын катарында болгон жок.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алганынан берки тарыхында 30 премьер-министр алмашкан. Бүгүн президент менен жолугушуу үчүн 9 мурунку өкмөт башчы келди. Алар Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев. Экс-премьер-министрлер Насирдин Исанов, Андрей Иордан, Жумабек Ибраимов каза болгон. Борис Силаев, Курманбек Бакиев, Николай Танаев, Данияр Үсөнов, Өмүрбек Бабанов чет мамлекетте. Бул катардагылардын көбүнө кылмыш иштери козголгону маалым. Искендербек Айдаралиев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жолугушууга катышкан жок. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков камакта.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев жолугушууда саясий туткундарга көңүл буруу тууралуу көп сөз болгонун айтты. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш Бишкек ЖЭБинин жаңыланышынын тегерегинде эле болуп жатканы дагы айтылганын билдирди.
Экс-спикер Ишенбай Кадырбеков жолугушууда депутаттар элдин элегинен өтүп шайланышы керектиги айтылганын билдирди. Ал "депутаттарды партиянын лидерлери эмес, эл тандашы керек" дейт.
Буга чейин июль айында президент жарандык коом менен жолукканда дагы алардын сунуштары карала турганын айткан. Экс-премьерлер, экс-спикерлер менен жолукканда дагы сунуштары карала турганын билдирди. Демек, саясий туткундардын иштери кайра каралып, Конституциялык реформа өтөбү? Же жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнө акимдин орун басарлык кызматы берилген өңдүү бул топтун да бийликти активдүү сындап жаткандарына кызмат берилеби? Жөжөнү саначу маал да келет...