КСДП: "Алмазбек Атамбаев саясий күчтөрдүн курултайына катышпайт"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда боло турган саясий күчтөрдүн курултайына катышпайт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады. Буга чейин Атамбаевдин курултайга катышары тууралуу маселе каралып жатканын айткан эле.

"Алмазбек Шаршенович курултайды анын барышы кажет деген жыйын катары эсептебейт. Уюштуруучулардын арасында өзүнүн пайдасын ойлогондор үстөмдүк кылып жатканы көрүнүп турат. Бул маселеге кайра кайрылбайбыз", - дейт Жолдубаева.

24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан