Ош шаарында 30 бала бакча, 42 мектеп жаңы окуу жылына карата текшерүүдөн өттү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы түзгөн атайын комиссия учурда мектептер менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына жана кыш мезгилине даярдыгын текшерүүдө. Анда оңдоп-түзөөлөрдүн жүрүшү, жылытуу системдеринин жана суу түтүктөрүнүн иштеши кароого алынууда. Мэрия билдиргендей, комиссиянын курамына шаардагы санитардык көзөмөл борборунун, өрткө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү жана энергетиктер кирген. 15-июлга карата шаардагы бардык мектептердин капиталдык оңдоолору аяктайт.