"Бишкектин абасын тазалай турган жерлерге президенттик шайлоону камсыздаган курулуш компаниялары үй куруп алышыптыр" дейт Адахан Мадумаров

Саясатчы Адахан Мадумаров 21-ноябрда берген маалымат жыйынында Бишкектин абасынын булганышы тууралуу пикирин айтты. Ал шамалдын багыты боюнча абаны тазалай турган жерлерге көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жөнүндө сөз кылды.

"Өкмөттүн жыйынында карап, иретсиз салынган үйлөрдүн кесепетинен Манас кең көчөсүндөгү мурун жүрүп турган шамалдын жолу тосулуп калды. Кышында каптаган түтүндөн кутула албай жатабыз. Үйлөрдү кимдер салып жатат? Шайлоодо көп акча кошкондордун тизмесинде жүрөт. 2-3 курулуш компаниясы бар экен. Ошолор кечээги президенттик шайлоону камсыздап бериптир. Бул эмне талапкерди өтө сүйүп кеткенденби? Бишкектин өпкөсү, ошол жерлерден аба жутабыз деген жерлерге белгилүү фирмалардын баары үй куруп, резиденцияга чейин жетиптир. Бул коопсуздукка жол бербейт. Мындай жапайычылык болгон эмес. Атамбаев мындай жалганчылыкты Акаевден дагы, Бакиевден дагы күткөн эмесмин деп жатпайбы. Андай болгон эмес. Демек, келген президент ага чейин президент болгондордон бир тепкич жогору мыкаачылык кылып жатыптыр да", - деди Мадумаров.

Ошондой эле борбор калааны өнүктүрүүдө тоону көздөй чыга бербей, Кант шаары, Сокулук району жактарга көңүл бурган оң деп кошумчалады.

Адахан Мадумаров: "Президенттердин кайым айтышуусу боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан