Мадумаров: "Курултайга барбайм. Ал жерге барганда бирөө бирди айтат, экинчиси каршы чыгат"

"24-ноябрда өтө турган элдик курултайга барбайм". Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйынында билдирди.

Айта кетсек, саясий күчтөрдүн курултайына партиялар, бийлик жана жарандык коом даярданууда.

"Ал жерге барганда бирөө бирди айтат, экинчиси ага каршы болот да курултайдын "ашмалтайы" чыгат. Ошентип бир ууч эл дагы бөлүнөт. Эгерде маданиятуу түрдө жакшы бир маанайда бүгүнкү кырдаалды талкуулайбыз деген маселе болсо, курултайдан жыйынтык чыгат. Бирок ал деңгээлге жетишине менин көзүм жетпейт", - деди Мадумаров.

Мындан тышкары саясатчы Адахан Мадумаров 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өкмөт башчылары жана Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары менен жолукканда "Кумтөр" жана мигранттар тууралуу маселени эч ким сөз козгобогонуна нааразы болду.

Адахан Мадумаров: "Президенттердин кайым айтышуусу боюнча улуттук макамдагы комиссия түзүлүшү керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан