Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселелери талкууланды. Ошондой эле министр президент Алмазбек Атамбаевге эл аралык донорлордун жакында Бишкекте өткөн конференциясы жөнүндө маалымат берди.