Айыл чарба жана мелиорация министри: "Ишти алдыга жылдыра албасам, кызматтан кетүүгө аргасыз болом"
"Министрликтин иши алдыга жылбаса, мен кызматтан кетүүгө аргасыз болом",- деп билдирди айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев бүгүн, 12-июлда министрликте өткөн жыйында. Айтымында, өкмөттө бул министрликтин иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Буга мурда берилген тапшырмалардын 43,8 пайызы өз учурунда аткарылбагандыгы себеп болгон. Аталган министрлик өкмөткө 65 долбоор сунуштап, анын 22си артка кайтарылган. "Бул министрликтин имиджине терс таасирин тийгизет. Эгер министрликтин иши ушундай темпте улана берсе, анда менин бул кызматты ээлөөгө моралдык укугум калбайт",- деди Узакбаев.